Семинар-тренинг

2023-05-16 16:19:19 272

2023-жылдын 15-16-май күндөрү ОшМУнун медициналык колледжинин жана Өзгөн эл аралык медициналык колледжинин окутуучуларына тренер Абдукаримова Айгуль Ахматовна семинар-тренинг өттү. Семинар орто кесиптик билим берүүдөгү “Медициналык айым иши” адистиги боюнча эксперименталдык программаны ишке ашырууда билим берүү программасын усулдук камсыздоонун инновациялык формаларын калыптандыруу максатында “Окутуу жана тарбиялоонун көрсөткүчү катары Силлабустун жана окуу-методикалык комплекстин сапаты” жана “Студенттин өз алдынча иши жана компетенттүүлүккө негизделген педагогикалык технологиялар” темаларында өткөрүлдү. Семинардын жүрүшүндө катышуучулар Силлабусту иштеп чыгуу жана студенттердин өз алдынча иштерин түзүүдө усулдук камсыздоонун инновациялык формаларын үйрөнүштү. Семинар Кыргызстандагы медициналык колледждердин ассоциацисы жана "КРдагы медициналык билим берүүнү реформалоо” долборунун тарабынан уюштурулду.