17-ноябрь Бүткүл Дүйнөлүк студенттердин күнү

2023-11-17 18:00:35 229

17-ноябрь Бүткүл Дүйнөлүк студенттердин күнүнө карата ОшМУнун Өзгөн эл аралык медициналык колледжинде 1-курстун студенттерин кабыл алуу аземи иш-чарасы болуп өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө окуунун мыктылары, маданий массалык, спорттук иш-чаралардын мыктылыгын көрсөткөн студенттер окуу жайыбыздын сыйлыктары менен сыйланышты. Салтка айланган окуу жайыбыздын ачкычы менен студенттик билет 1-курстун студентери тапшырылып. Ал эми бүтүрүүчү курстун студенттери жаңы кабыл алынган студенттерге Бүтүрүүчүнүн белеги аттуу белектерин тапшырып майрамдары менен куттукташты. Майрамдык иш-чара студенттер үчүн бий кечеси менен уланды.