Жумуш берүүчүлөр, ата энелер, бүтүрүүчүлөр аркылуу НКББПнын натыйжалуулугу

2024-02-16 10:24:26 162

2024-жыл 14-февраль күнү Өзгөн эл арылык медициналык колледжинде “Медициналык айым иши” адистигинин негизги кесиптик билим берүү программасы боюнча “Жумуш берүүчүлөр аркылуу НКББПнын натыйжалуулугу” аталышындагы тегерек стол болду. Тегерек столго кызыктар тараптар (стейкхолдерлер): жумуш берүүчүлөр, ата-энелер, бүтүрүүчүлөр жана окутуучулар чакырылган. Тегерек стол “Медициналык айым иши" адистигинин негизги кесиптик билим берүү программасын стейколдерлер менен биргеликте талкулоо мксатында өткөрүлдү. Практикалык саламаттык сактоодо эмгектен медайымдар, клиникалык насаатчылар, бүтүрүүчүлөр жана ата-энелер менен биргеликте адистиктин актуалдуулугу, жүрүп жаткан реформалар, заман талабына зарыл болгон адистиктин компетенциялары, көндүмдөрү талкуланып, алардын сунуштары протоколдоштурулду. Жыйынтыгында «Медициналык айым иши» адистигинин негизги кесиптик билим берүү программасын жүзөгө ашырууда жакындан жардам көрсөткөндүгү жана окуу жай менен тыгыш байланышта иштегендиги үчүн Өзгөн ЖДПБнун директору Б.А.Мамасадыковага, Мырза-Аке ЖДПБнун директору М.Т. Ботохановго жана Куршаб ЖДПБнун директору А.С.Абдуллаевге колледждин "Ыраазычылык баракчасы" берилсе, ал эми анкетирлөөнүн жыйынтыгы менен жогорку баалоого ээ болгон клиникалык насаатчылар: Өзгөн ЖДПБнун башкы медайымы Г.К.Нуржанова, Өзгөн ЖДПБнун Сынык жараат бөлүмүнүн улуу медайымы Н.О.Мойдунова, Өзгөн ЖДПБнун Шашылыш жардам көрсөтүү бөлүмүнүн улуу медайымы А.Ж.Исакова, Мырза-Аке ЖДПБнун башкы медайымы А.Х.Тагайкулова колледждин Ардак грамотасы менен сыйланышты. Бүтүрүүчүлөргө жана ата энелерге да грамота, "Ыраазычылык баракчасы" тапшырылды.