// } ?>
2024-05-29 03:57:19 125
«Чек арасыз дарыгерлер” (Швейцария) эл аралык медициналык гуманитардык уюмунун колдоосу менен «Жатын моюнчасынын жана сүт безинин рак илдетин эрте аныктоо» темасындагы окутуу семинарынын кийинки этаптары саламаттыкты сактоо уюмдарында айымдарды практика жүзүндө көрүү менен улантылып жатат. Окутуу семинарына колледждердин окутуучулары катышып, квалификациясын жогорулатып жатышат. Жаңы маалыматтар боюнча колледждин жалпы айымдарына мастер класс уюштурулуп, керектүү кеңештер берилди. Кыргызстанда жыл сайын жатын моюнчасынын рак оорусунун 601 жаңы учуру аныкталат жана жатын моюнчасынын рак оорусунун алгачкы стадиясында эч кандай белгилер байкалбайт. Кыргызстанда жатын моюнчасынын рак оорусунун учурлары 40% га чейин өнүгүүнүн акыркы стадиясында диагноз коюлат. Бул калктын кайрылуусунун кечеңдеши, региондордо онкологиялык жардамдын жеткиликтүүлүгүнүн төмөндүгү менен байланыштуу. Оорунун өсүшүн азайтуу, жатын моюнчасынын рагынан биринчи жылы өлүмгө учуроо оорунун белгилери жана алдын алуу чаралары жөнүндө калктын сабаттуулугун жогорулатуу аркылуу мүмкүн болот. Жатын моюнчасынын рак оорусунун 93% чейин жана алдын алууга болот. Ооруну алдын алуу максатында жана убагында дарылоо, өлүмдүн көбөйүшүнө жол бербөө үчүн скринингдик ишти улантуу керек.