// } ?>
2024-06-12 07:52:15 117
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык илимий-методикалык борборунда Кыргызстандагы орто кесиптик окуу жайлар үчүн “Кесиптик орто окуу жайларда дуалдык окутуу” темасындагы курс уюштурулду. Курстун максаты Дуалдык окутуу жана Иш ордунда окутуу системасын орто кесиптик окуу жайларга жана кесиптик лицейлерге киргизүү, насаатчылыкты өркүндөтүү, студенттерге кесиптик көндүмдөрдү практикада иш ордунда калыптандыруу. Курстун жүрүшүндө "Дуалдык окутуу" ийгиликтүү ишке ашып жаткан Бишкектеги курулуш архитектура жана мененджмент колледжи менен жеринде таанышуу жана тажрыйба алмашуу болду. Аталган курс 2024-жыл 3-12-июнь күндөрү Бишкек шаарында өткөрүлүп, колледжден директордун окуу иштери боюнча орун басары Г.А.Сулайманова жана бөлүм башчы А.Тойгелди кызы катышып, сертификаттарга ээ болушту.