// } ?>
2024-09-29 15:01:58 118
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2024- жылдын 9-августунан №863 буйругунун негизинде «Жаңы төрөлгөн балдардын сарык оорусу» тренингдерин өткөрүү боюнча, ошондой эле далилдүү медицинанын принциптеринин негизинде эрте кийлигишүү маселелери боюнча потенциалды күчөтүү аркылуу медициналык кызматкерлерди даярдоонун сапатын жогорулатуу максатында С.Б.Данияров атындагы КММКДжКЖ институту профессордук-окутуулук курам үчүн тренинг уюштурду. Аталган тренинг Ош шаарында 16-18-сентябрь күндөрү өткөрүлүп, Өзгөн эл аралык медициналык колледжинен окутуучулар Н.У.Аилчинова жана Н.Т.Арыкова катышышты.