“Фармация” адистигинин 3 курсунун студенттери ЖЧК “Дармек – Фарм” фирмасынын дарыкана кампасы менен жеринде таанышып келишти

2024-10-26 07:38:56 37

ОшМУнун Өзгөн эл аралык медициналык колледжинин “Фармация” адистигинин 3 курсунун студенттерине “Фармациянын экномикасы жана уюштуруу” жана “Фармацевтикалык технология” дисциплиналарынан ЖЧК “Дармек – Фарм” фирмасынын дарыкана кампасына “Жумуш ордунда окутуу” усулу менен сабак өтүлдү. Студенттер сабак учурунда дарыкана кампада иш орундары жана дары-дамектердин сакталышы, аларды дарыканаларга, дарыкана пункттарына чыгарылуусу менен кеңири таанышты. Студенттерди дарыкана кампасы менен тааныштыруу “Фармацевтикалык технология” дисциплинасынан “Медициналык эритмелер (дары-дармек каражаттарынын заводдук технологиясынын өзгөчөлүктөрү)”, “Фармациянын экномикасы жана уюштуруу” дисциплинасынан “Фармацевтика рыногунун дүң соода түйүнүнүн ишин уюштуруу (аптека кампасы, дарыкана кампасында товарлардын кыймылын уюштуруу)” темасы алкагынада болду. Студенттерди окутуучулар Жаанбаева Зулайка жана Абдисалим кызы Сүйүмкан алып барган.