"Физикалык терапия" адистиги аккредитацияланат

2024-10-26 07:59:10 27

Өзгөн эл аралык медициналык колледжинде пилоттук болуп "Физикалык терапия" адистиги алгачкылардан болуп ачылган. 2024-2025-окуу жылында адистиктик программалык аккредитацядан өтүп, алгачкы бүтүрүүчүлөрү дипломдорго ээ боло алышат. Аккредитациядан өткөн программалардагы сунуштардын аткарылышын көзөмөлдөө жана "Физикалык терапия" адистигинин аккредитацияга карата даярдыктары боюнча мониторинг жүргүзүү максатында ОшМУнун Билим беруунун, изилдоолордун, инновациялардын сапатын өнүктүрүү боюнча стратегиялык пландаштыруу департаментинин бөлүм башчысы Г.Ж.Султанова жана департаменттин ага инспектору Ш.О.Бакирова колледжге келип, окутуучулар менен жолугушту.