Санариптик сабаттуулук - медайымдардын негизги компетенцияларынын бири

2024-10-28 06:50:42 19

2024-жылдын 26-октябрь күнү Өзгөн эл аралык медициналык колледжинин "Медициналык айым иши" адистиги боюнча эксперименталдык программанын студенттери үчүн "Санариптик сабаттуулук - медайымдардын негизги компетенцияларынын бири" аталышында сабак-конференция өтүлдү. Конференция-сабакты Медициналагы информатика дисциплинасынын окутуучусу Тойгелди кызы Айчүрөк уюштуруп, практикалык саламаттык сактоонун өкүлү, колледждин усулдук кеңешинин төрайымы жана окутуучулар чакырылган. Өзгөн жалпы дарыгерлер практиканттар борборунун системалык администратору жана врач-статистин башчысы Артыкбай уулу Ахмед "Санарип саламаттык сактоо" ситемасы жана андагы медициналык айымдар аткарган кызматтар боюнча маалымат берип, студенттерге практика жүзүндө көрсөтүп берди. Иш чаранын максаты: медайымдардын санариптик компетенциясын өнүктүрүү.