Бүткүл дүйнөлүк АИВ/ЖИКС (ВИЧ/СПИД)ге каршы күрөшүү күнүнө карата Өзгөн медициналык колледжинде өткөрүлгөн иш чара

2015-12-01 16:30:05 270

Бүгүн, 1-декабрь Бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнүнө карата Өзгөн медициналык колледжинде «Биз СПИДке каршыбыз» атту аталышта КВН болуп өттү. Бул иш чарага Өзгөн үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунан да адистер келип катышышты. Дарыгерлер келип студенттерге СПИДтен сактануу, анын жугуу жолдору боюнча семинар өтүп беришти. Семинардын жүрүшүндө студенттер тарабынан суроолор берилип, жакшы жооп ала алышты. Мындан сырткары студенттер тарабынан даярдалган КВН болуп, анда наркомания, проституция, алкоголизмди чагылдырган тамашалар аткарылды. Бүткүл дүйнөлүк АИВ/ЖИКС (ВИЧ/СПИД)ге каршы күрөшүү күнү 25 жылдан бери белгиленип келет. Анын максаты - калкты АИВ/ЖИКС (ВИЧ/СПИД)ге каршы күрөшүү боюнча иш-чаралар менен тааныштыруу жана АИВ/ЖИКС (ВИЧ/СПИД) оорусуна чалдыккандарга колдоо көрсөтүү. АИВ/ЖИКС (ВИЧ/СПИД) жөнүндө кыскача маалымат. АИВ - адамдын иммун жетишсиздиги вирусу, адамдан организмине кирип, нормадагы иммунитетти камсыздоочу кандагы СД 4 лимфоцит клеткаларын жабыркатат. Клеткаларга сүңгүп кирген АИВ аны ал өзү башка вирустарды чыгара баштагандай өзгөрүүгө дуушар кылат. ЖИКС (СПИД) жуктурулган иммунукем синдрому – бул АИВ –инфекциясынын акыркы стадиясы. АИВ үч жол менен жугат: 1.Кан аркылуу: • Ийнелерди шприцтерди жана башка инъекциялык шаймандарды бирге же кайталап колдонууда; • Башка бирөөнүн устара каражаттарын пайдаланууда; • АИВге текшерилбеген донордун кан куюда. 2. Жыныс жолдору аркылуу – сактанбаган (презервативсиз) жыныстык катнашта. 3. Кош бойлуу, төрөт жана эмизүү мезгилдеринде энеден балага жуктурулат. Төмөнкү учурларда АИВ жукпайт: • Кол алышууда, кучакташууда, өбүшүүдө, шилекей аркылуу; • Тер же жаш аркылуу; • Жөтөлгөндө, чүчкүргөндө; • Идиш аякты жана шейшептерди чогу колдонууда; • Жуунуучу жана даарат жайларын чогуу колдонууда; • Спорт менен бирге алектенүүдө; • Коомдук транспорттордон; • Жаныбарлардын жана курт кумурскалардын чагып алуусу аркылуу. , , ,