Өзгөн медициналык колледжинде “Өздүк баалоонун отчетун түзүү жана көз карандысыз аккредитацияга даярдык” боюнча семинар болуп өттү

2015-12-05 14:18:43 215

Бүгүн Өзгөн медициналык колледжинде “Өздүк баалоонун отчетун түзүү жана көз карандысыз аккредитацияга даярдык” боюнча семинар болуп өттү. Семинарды ОшМУнун Билим берүү жана сапат департаментинин директору М.Алтыбаева өтүп берди. Семинарга колледждин жалпы окутуучулук курамы жана административдик башкаруу персоналдары катышышты. Семинардын жүрүшүндө окутуучулар тарабынан аккредитация жөнүндө суроолор берилип, жакшы жооп ала алышты. ,