Коопсуздукту алдын алуу боюнча семинар болуп өттү.

2015-12-08 17:25:29 242

Бүгүн Өзгөн медициналык колледжинде терроризмге, диний экстремизмге каршы коопсуздук жана тарбия иштери боюнча семинар болуп өттү. Семинарга Өзгөн РИИБнын өкүлдөрү, колледждин жамааты жана студенттер катышты. Семинарды колледждин директору Ө.Станбаев баяндама жасады. Баяндамада, КРдин Саламаттыкты сактоо министрлигин 2015-жылдын 1-декабрындагы №673-буйругу менен жана №1 тиркеменин эстеткичи менен тааныштырды. Ошондой эле Өзгөн медициналык колледжинде тарбиялык жактан болуп жаткан иш аракеттер боюнча кеңири маалымат берип өттү. Андан соң РИИБнын Өзгөн шаардык аймактык тескөөчүсү, милициянын майору Б.Осмонов баяндама жасады. Баяндаманы тартипти оңдоо тууралуу сөз кылды. Ар бир студент окуу жайдын тартибин сактап, чыр чатак уюштурбай, бир гана жакшы окуушун белгилеп кетти. Эгерди кандайдыр бир тартип бузуулар катталса, же болбосо терс көрүнүштөр байкалса 102 номерине кайрылууну, ошону менен бирге тартип бузган атуул мыйзам чегинде жоопко тартыларын да айтып өттү. Семинарды колледждин тарбия иштери боюнча директордун орун басары А.Кадырова уюштурду.