Колледжинин медик окутуучулары педагогика жаатында квалификацияны жогорулатуу боюнча атайын курстан өтүштү

2025-02-07 05:41:15 73

Өзгөн эл аралык медициналык колледжинин медик окутуучулары педагогика жаатында квалификацияны жогорулатуу боюнча атайын 1 жылдык курсту "Кэриэ Девеломент" Билим берүү борборунан өтүшүп, мамлекеттик үлгүдөгү дипломго ээ болушту. Бул курстар орто медициналык билим берүү тармагында окутуучулардын кесиптик деңгээлин өркүндөтүп, алардын педагогикалык тажрыйбасы менен биргеликте педагогикалык теория жана практикада жаңы ыкмаларды колдонуу жөндөмдөрүн арттырды. Курс учурунда окутуучулар педагогикалык методу, студенттер менен иштөөдө инновациялык методдорго басым жасап, билим берүү тармагындагы актуалдуу жаңылыктарды жана мүнөздүү өзгөртүүлөрдү үйрөнүштү. Бул процесс жогорку сапаттагы билим берүү тажрыйбасын жана окутуу процессинин сапатын жогорулатууну көздөп, алдыдагы окуу жылдары үчүн базалык медициналык билим бар, өз ишин мыкты билген медик-педагогдордун санынын көбөйтүү максатында жүргүзүлдү.