// } ?>
2025-02-07 08:07:41 54
2025-жылдын 6-январында Ош мамлекеттик университетинин кесиптик бирлик комитетинин XXXV отчеттук кайра шайлоо конференциясы ийгиликтүү өткөрүлдү. Конференцияга университеттин жалпы 178 мүчөсү катышты жана колледждин атынан делегат болуп кесиптик бюронун төрайымы Тойгелди кызы Айчүрөк катышты.Кесиптик бирлик комитетинин төрагалык кызматына эки талапкер ат салышты. Шайлоонун жыйынтыгы менен Абсамат Саттаров кайрадан ишеничке ээ болуп, кесиптик бирлик комитетинин жаңы төрагасы болуп шайланды. ОшМУнун кесиптик бирлик комитетинин жалпы курамын жана төраганы Өзгөн эл аралык медициналык колледждин жалпы жамааты куттуктайбыз!