Окутуучулар январь айында квалификацияны жогорулатуу курстарынан өтүштү

2025-02-11 15:31:04 57

2024–2025 окуу жылынын пландарына ылайык, Өзгөн эл аралык медициналык колледжинин окутуучулары январь айында квалификацияны жогорулатуу курстарынан ийгиликтүү өтүштү. Жаңы ишке кабыл алынган окутуучулар болсо, резервдик кадрларды тандоо максатында өткөрүлгөн эки этаптык сынактан өтүп, педагогика боюнча квалификацияны жогорулатуу курстарынан да ийгиликтүү өтүштү. Бул иш-чаралар окутуучулардын кесиптик деңгээлин жогорулатууга жана билим берүү тармагындагы сапатты өркүндөтүүгө багытталган.