Кызыл-Кыя медициналык колледжинин окутуучулары жана студенттери академиялык мобилдүүлүк боюнча колледжге келишти

2025-02-11 16:46:52 99

2025-жылдын 10-февралында Кызыл-Кыя медициналык колледжинин окутуучулары жана студенттери академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү максатында ОшМУнун Өзгөн эл аралык медициналык колледжине тажрыйба алмашуу үчүн келишти. Кызыл-Кыя медициналык колледжинин окутуучулары Ысакова Б., Жаанбаева А., Ботобаева Г. жана Кубатова А. биздин студенттерге сабак өтүштү. Иш чаранын жүрүшүндө коноктор колледжин окуу корпустары, ОшМУнун Мyedu жана ibooks.oshsu.kg электрондук маалыматтык системалардын окуу процессининде колдонулушу жана жүрүп жаткан реформалар боюнча маалымат ала алышты. Бул иш-чара эки окуу жайдын ортосундагы кызматташтыкты бекемдеп, билим берүү сапатын жогорулатууга жана студенттердин кесиптик көндүмдөрүн өркүндөтүүгө өбөлгө түзөт. Мындай демилгелер келечектеги орто медициналык кадрлардын даярдыгына оң таасирин тийгизип, билим берүү тармагындагы интеграциялык процесстерди күчөтөт.