Колледжде ата-энелер чогулушу өткөрүлдү

2025-02-18 16:53:35 54

ОшМУнун Өзгөн эл аралык медициналык колледжинин 11-февралдагы жыйынынын чечимине ылайык ар бир агымда ата-энелер чогулушу өткөрүлду. Ата-энелер чогулушта студенттердин сессиясынын жыйынтыгы, алардын сапаттык көрсөткүчү, учурда сабакка катышуунун абалы боюнча маалымат берип, ар бир студент боюнча мониторинг жүргүзүлүп жаткандыгы жана антикоррупциялык иш аракеттер боюнча агымдардын академиялык консультанттары (куратор) маалымат беришти. ОшМУнун Өзгөн эл аралык медициналык колледжинин окуу процессиндеги өзгөчөлүктөр, Муеdu программасы, экзаменди тапшыруу тартиби, экзаменди тапшыра албагандан кийинки иш аракеттер боюнча колледждин офис-регистратору М.Айдар уулу ата-энелерге маалымат берди. Ар бир чогулушка директордун тарбия иштери боюнча орун басары Э.С.Каримбаев катышып, студенттердин сабакты калтыруусу, кечигүүсү, ички тартип боюнча аларга каралган админстративдик жазалар боюнча маалымдады, чаралар көрүлбөсө, студенттер кечигүүнү токтотпостугун айтып, ата-энелерди түшүнүү менен кабыл алууну суранды жана студенттерди өз убагында сабакка келүүсүн, форманы сактоосу камсыздап берүүнү жана колледж менен тыгыз байланышта иш алып барууну суранды. Ар бир агымда ата-энелер комитети түзүлүп, төрага төрайымдары шайланышты. Чогулушта ата-энелер окуу жайдын эмгек жааматына ыраазычылык билдирип, ийгиликтерди каалады.