// } ?>
2025-02-22 16:33:38 219
23-февраль – Ата Мекенди коргоочулардын күнү карата бүгүн колледжибизде "Физикалык терапия" адистигинин 1-курстардын студенттери арасында кызыктуу жана таймашка бай спорттук жарыш өттү. Иш-чаранын негизги максаты – жаштарды мекенчилдикке, биримдикке жана дени сак жашоого үндөө болду. Жарышка студенттер чоң кызыгуу менен катышып, жобого ылайык калыстар тобунун төрагасына рапорт берүү, командалык саптык кароо, бутага таамай атуу, аскердик чиндерди айтуу жана биринчи медицалык жардамды талаа шартында көрсөтүү боюнча күч сынашты. Иш чаранын жүрүшүндө колледждин жигиттери өздөрүнүн чыдамкайлыгын, шамдагайлыгын жана командалык духун көрсөтүшсө, "Медайым иши" адистигинин 3-курсунун студенттери медициналык тез жардам көрсөтүүдө жаратты таңуунун түрлөрүн көрсөтүп беришти. Бул иш-чара жаштар үчүн чоң шыктандыруу берип, достук мамилелерди дагы да бекемдөөгө өбөлгө түздү. Жеңүүчүлөр атайын дипломдор жана сыйлыктар менен сыйланышты. Иш-чараны колледжин студентик кеңеши жана акыйкатчы аппаратынын курамындагы студентер уюштуруп, өткөрүштү. Бардык катышуучуларды жана жеңүүчүлөрдү куттуктап, колледжибиздин мырзаларын мекенибиздин чыныгы коргоочулары болуп өсүшүн каалайбыз!