// } ?>
2025-03-06 18:32:27 64
6-март күнү Өзгөн эл аралык медициналык колледжинин дирекциясы менен кесиптик бюро 8-март Аялдардын эл аралык күнүнө карата майрамдык кече уюштурушту. Майрамдык кечеде директор Ө.Т.Станбаев баш болгон агайлар жамааты колледждин эжекелерин майрам менен куттуктап, ыр-белек тартуулашты. 8-март майрамына карата эжекелерибиз ОшМУнун сыйлыктары менен сыйланышты. Көп жылдык үзүрлүү эмгеги жана колледждин өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн "КД" ПЦКнын окутчуусу Аилчинова Назира Үркүнбаевна "ОшМУнун эмгек сиңирген ишмери" наамы менен сыйланса, Адистиктер боюнча бөлүм башчысы, усулдук кеңештин төрайымы жана "ЖГСЭД" ПЦКнын окутчуусу Кыдыкова Айпери Жетимишовна "Алкыш" менен, ал эми колледждин АЧБнүн кызматкери Курбанова Мияссар Турсунбаевна ОшМУнун Ардак грамотасы менен сыйланышты.