8-март айымдардын эл аралык күнүнө карата куттуу окуу жайыбызда саамалык болуп өттү.

2025-03-14 09:04:29 31

2025-жылдын 7-март күнү ӨЭАМКда 8-март айымдардын майрамына карата чакан майрамдык иш-чара өткөрүлдү. Иш-чарада 3-курстун фармация адистигинин студенттери "Фармацевтин бир күндүк жумушунан көрүнүш" аттуу сахналык көрүнүш тартуулашты. Андан соң таланттуу студенттердин концерттик программасы менен коштолду. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттик кеңештин жана акыйкатчы аппаратынын курамындыгы студентер майрамдык иш-чарага катышкан мугалимдерге гүлдесте белек кылып жыйынтыкташты. Майрамга карата окутуучулар Өзгөн шаардык мэриясынын, райадминистрациянын куттукоо иш чарасына катышышты.