Өзгөн эл аралык медициналык колледжинде Нооруз майрамы белгиленди

2025-03-18 07:38:36 101

2025-жылы 17-март күнү ОшМУнун Өзгөн эл аралык медициналык колледжинде 21-март эл аралык Нооруз майрамына карата майрамдык иш-чара өткөрүлдү. Майрамдык иш-чара көркү Кыргыздын кыз узатуу салтын студенттер тарабынан көрсөтүлдү, майрамдык иш-чараны куттуктап Өзгөн райондук маданият бөлүмүнүн жетекчиси Аскар Сапарали уулу да келип куттуктап окуу жайыбызга ийгиликтерди каалап өттү. Нооруз майрамына карата өткөрүлгөн иш-чара Өзгөн райондук маданият бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте өткөрүлүп таланттуу студенттерибиздин жана маданият кызматкерлерин концерттик программасы менен коштолду.