Кыргыз Республикасында реабилитациялоо чөйрөсүндө кадрларды өнүктүрүү боюнча форум

2025-04-18 02:29:49 33

2025-жыл 14-15-апрель күндөрү Бишкек шаарында "Кыргыз Республикасында реабилитациялоо чөйрөсүндө кадрларды өнүктүрүү" аталышында форум өтүүдө. Форумга КР ЖКнин депутаты А. Манашова, КМКАнын президенти,Өзгөн эл аралык медколледждин директоу О.Т.Станбаев,ОшМУнун эл аралык медицина факультетинин деканы, профессор Р.Калматов, декандын орун басары Ж. Абдирасулова, БМКнин директору Ч.С.Усубалиева катышышты. Жолугушуунун максаты реабилитация чөйрөсүндөгү чечимдерди кабыл алуучулардын жана башка кызыкдар тараптардын ортосунда Кыргыз Республикасында компетенттүүлүккө негизделген реабилитациялык билим берүүнү өнүктүрүүнү колдоо маселелери боюнча жогорку деңгээлдеги талкууну өткөрүү болуп саналат. Билим берүү мекемелеринде жаңы квалификацияларды түзүү аркылуу квалификациялуу адистердин санын көбөйтүү жолу менен Кыргызстанда реабилитациялык кызматтарды даярдоону өнүктүрүү боюнча Жол картасын жана пландарын иштеп чыгуу.