// } ?>
2025-04-18 03:27:03 24
2025-жыл 17-апрель күнү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Ош облусунун ички иштер башкармалыгы жана Өзгөн райондук ички иштер бөлүмү тарабынан Өзгөн райондук маданият үйүндө "Жаңы муун жаркын келечек- таза муун коопсуз келечек" аттуу мектеп окуучулары үчүн форум өткөрүлдү. Форумда мектеп рекетчилиги жөнүндө коллеждибиздин студенттери Турушева Назгүл, Базарбаева Адина, Раимбеков Таалайбек жана Турганбаев Нурдөөлөт сахналык көрүнүш тартуулашты. Форумдун жүрүшүндө жаш балдардын психолог-дарыгери, нарколог дарыгери, КРнын эмгек сиңирген мугалими жана аттуу баштуу чыгаан инсандар соз сүйлөп, окуучуларга насааттарын айтышты. Маданият кызматкерлери тарабынан концерттик программа тартууланып, иш чаранын аягында Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы тарабынан форумду уюштуруп, өткөрүүгө салым кошкондорго сыйлык тапшырды.