Бүтүрүүчү 2025

2025-05-30 05:28:19 31

ОшМУнун Өзгөн эл аралык медициналык колледжинде "Бүтүрүүчү 2025" аттуу майрамдык иш-чара өткөрүлдү. Майрамдык иш-чараны окуу жайыбыздын директору Станбаев Өзгөнбөй Тиллебаевич ачып бүтүрүүчүлөрдү жана студенттерди майрамдык иш-чара менен куттуктап, ийгиликтерди каалап өттү. Майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө окуунун алдыңкылары директор тарабынан сыйлыктар менен сыйланышты. Майрам концерттик программа менен коштолду.