// } ?>
2025-06-04 09:54:57 124
ОшМУнун Өзгөн эл аралык медициналык колледжинин окутуучулары тарабынан Өзгөн районунда жайгашкан жалпы орто билим берүү мекемелеринин 9–11-класстарынын бүтүрүүчүлөрү менен профориентациялык иштер жүргүзүлдү. Иш-чаранын алкагында бүтүрүүчүлөргө колледждин адистиктери, окуу шарттары, кабыл алуу эрежелери жана студенттер үчүн түзүлгөн мүмкүнчүлүктөр тууралуу кеңири маалымат берилди. Ошондой эле медициналык кесиптин артыкчылыктары, эмгек рыногундагы суроо-талап жана келечектеги кесиптик өсүү мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Окутуучулар окуучулардын суроолоруна жооп берип, туура кесип тандоодо багыт берүүчү кеңештерди сунушташты. Мындай жолугушуулар жаштарды аң-сезимдүү кесип тандоого шыктандырып, алардын келечекке болгон ишенимин арттырууга өбөлгө түзөт.