// } ?>
2025-09-11 08:49:32 76
2025–2026-окуу жылында жаңы кабыл алынган студенттер үчүн адаптациялык иштер ийгиликтүү өткөрүлдү 2025–2026-окуу жылынын башталышына карата Ош мамлекеттик университетинин Өзгөн эл аралык медициналык колледжине жаңыдан студент болуп кабыл алынган билим алуучулар үчүн адаптациялык иш-чаралар уюштурулду. Адаптациялык программанын негизги максаты – биринчи курстун студенттерин колледждин ички тартиби, окуу процесси, кредиттик технологиянын өзгөчөлүктөрү, баалоо системасы жана студенттик жашоо менен кеңири тааныштыруу болду. Иш-чаранын алкагында: Колледждин жетекчилиги жана окутуучулар жамааты менен жолугушуу өткөрүлдү; Студенттерге окуу имараты, лабораториялар, китепкана жана практикалык базалар тааныштырылды; Академиялык тартип, студенттердин укук-милдеттери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү; Ошондой эле кураторлор тарабынан ар бир академиялык топ менен өзүнчө жолугушуулар өткөрүлүп, студенттердин суроолоруна жооп берилип, окууга болгон мотивациясын жогорулатуу боюнча багыт берүү иштери жүргүзүлдү. Адаптациялык иштер студенттердин жаңы чөйрөгө бат көнүп кетүүсүнө, окуу процессине активдүү аралашуусуна жана кесиптик калыптанышына жакшы өбөлгө түздү. Колледж жамааты жаңы кабыл алынган студенттерге окууларында ийгилик, талыкпас эмгек жана жаркын келечек каалайт!