// } ?>
2025-09-20 10:51:56 281
17-сентябрь күнү колледжде 1-курска жаңы кабыл алынган студенттер үчүн атайын жыйын болуп өттү. Иш-чарага тарбия иштери боюнча директордун орун басары Э.С. Каримбаев, аялдар кеңешинин төрайымы У. Бакирова жана физика дисциплинасынын окутуучусу Ж. Касымова катышышты. Жыйындын жүрүшүндө тарбия иштери боюнча директордун орун басары Э.С. Каримбаев студенттерге диний экстремизм, радикализм жана ички коопсуздук боюнча кеңири маалымат берип, мындай терс көрүнүштөрдөн алыс болууга, мыйзамдарды жана колледждин ички тартип эрежелерин сактоого чакырды. Аялдар кеңешинин төрайымы У. Бакирова аялдар кеңешинин ишмердүүлүгү жана иш планы менен тааныштырып, студенттерди адептүүлүккө, кийинүү маданиятын сактоого жана үлгүлүү жүрүм-турумга үндөдү. Физика дисциплинасынын окутуучусу Ж. Касымова студенттерге терең акыл-насаатын айтып, окуу жайдын ичин жана айланасын таза сактоо, эмеректерге этият мамиле кылуу, өзүн жана досторун сактоо, уурулукка барбоо, улууларды урматтап, кичүүлөргө ызаат көрсөтүү боюнча баалуу кеңештерин берди. Жыйындын негизги максаты – жаңы студенттерди колледждин ички тартиби, коомдук жашоосу жана коопсуздук эрежелери менен тааныштыруу болду. Иш-чара жылуу маанайда өтүп, студенттер пайдалуу маалыматтарды алышты.