// } ?>
2025-09-20 11:09:04 239
2025-жыл 19-сентябр күнү ОшМУнун Өзгөн эл аралык медициналык колледжинин башкы корпусунда өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча практикалык машыгуу өткөрүлдү. Иш-чарага Өзгөн райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери, өрт өчүрүүчүлөр атайын техникасы менен жана тез жардам кызматы катышышты. Машыгуунун жүрүшү: 101 кызматына чалуу аркылуу өрт тууралуу билдирүү берилди; Колледжде айгай жарыяланып, эскертүүчү звонок басылды; Бардык окутуучулар, кызматкерлер жана студенттер коопсуз жайга эвакуацияланды; Өрт өчүрүүчүлөр атайын сценарий боюнча каанада калган студентти чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришти; Өрт очогу толугу менен өчүрүлдү. Машыгуунун соңунда окутуучуларга жана студенттерге өрт коопсуздугун сактоо жана алдын алуу боюнча пайдалуу маалыматтар берилди. Колледждин директорунун м.а. Гульсана Абдибаитовна Өзгөн райондук ӨКМ бөлүмүнө жана өрт өчүрүү кызматына ыраазычылык билдирип, алардын жооптуу кызматтарына ийгилик каалады.