Өзгөн эл аралык медициналык колледжинин жамааты Улуттук тазалык күнүнө арналган ишембиликке катышты

2025-09-20 11:31:02 166

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун 2022-жылдын 6-сентябрындагы ПЖ №305 Жарлыгына ылайык, Улуттук тазалык күнү жана 2023–2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү планынын алкагында ОшМУнун Өзгөн эл аралык медициналык колледжинин жамааты жана студенттери 2025-жылдын 20-сентябрь күнү райондук жалпы ишембиликке активдүү катышышты. Колледждин окутуучулары, кызматкерлери жана студенттери район аймагында тазалык иштерин жүргүзүп, айлана-чөйрөнү көрктөндүрүүгө өз салымдарын кошушту. Ишембилик жаратылышты коргоо жана жашоочулар арасында экологиялык маданиятты жогорулатуу максатында уюштурулду. Бул иш-чара колледж жамаатынын жарандык жоопкерчилигин арттырып гана тим болбостон, жаштардын экологиялык тарбиясын калыптандырууга да багытталды.