Өзгөн эл аралык медициналык колледжинде кыздар арасында спорттун волейбол түрү боюнча мелдеш болуп өттү

2025-10-16 10:05:53 3

ОшМУнун Өзгөн эл аралык медициналык колледжинде кыздар арасында спорттун волейбол түрү боюнча мелдеш болуп өттү. Мелдешке жалпысынан 9 команда катышып жыйынтыгында 1-орунду 1СД1-25(У) агымы алса 2-орунду 1СД2-25 (у) агым алып ал эми 3-орунду 3ФР1-23(у) агым ээледи 4-орунду болсом 2ФТ1-24(у) агымы камсыз кылды. Оюндун ачылышында мамлекеттик гимн менен башталып колледжибиздин директорунун м.а: Сулайманова Гульсана Абдибаитовна өз сөзүндө спорт ден-соолуктун булагы деп бекер айтылбаса керек деп оюнчуларга ийгилик каалап мыкты команда жеңишке жетишин каалап өттү. Оюн азыркы жаңы эреже менен өтүп мыкты оюнчу кыздарыбыз аныкталды. Спорттук иш чара КРнын президентинин №1-"Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө" жарлыгын ишке ашыруу максатында өткөрүлдү.