// } ?>
2025-11-06 09:10:45 14
Өзгөн шаарынын Маданият үйүндө **"Фармация студенттин көзү менен" аттуу PR иш-чарасы болуп өттү. Иш-чарага жумуш берүүчүлөр, ата-энелер, окутуучулар жана студенттер чакырылып, студенттер өз алдынча аткарган иштерин көргөзмө түрүндө сунушташты. Иш-чаранын алкагында студенттер фармакогнозия, фармацевтикалык технология, ошондой эле фармациянын экономикасы жана уюштуруу дисциплиналарынан жетекчи окутуучулар К. Раева, З. Жаанбаева, Абдисалим кызы** жана А. Турдубаеванын жетекчилиги астында ит мурун чийки затын даярдоо** жана андан витаминдүү тундурма жасоо процесси боюнча практикалык көрсөтмө беришти. Көрүүчүлөргө даярдалган тундурманы даамдап көрүү сунушталып, бир демдемге ылайык чийки заттар таратылды. Иш-чара жогорку деңгээлде өтүп, катышуучуларга жакшы таасир калтырды.