ОшМУнун Өзгөн медициналык колледжинде 23-февраль Ата-Мекенди коргоо күнүнө карата майрамдык концерт өткөрүлдү.

2016-02-22 17:54:25 225

Бүгүн ОшМУнун Өзгөн медициналык колледжинде 23-февраль Ата-Мекенди коргоо күнүнө карата майрамдык концерт өткөрүлдү. Майрамдык концерт колледждин окутуучу агайлары жана студент балдарына тартууланды. Ошондой эле Баткен согушунун жана башка локалдык кагылышуулардын катышуучуларынын республикалык уюмунун Өзгөн райондук филиалынын төрагасы К.Турганбаев жетектеген райондун ардагерлери келип катышты. Ардагерлер студенттерге өздөрүнүн каалоо тилектерин айтышып ар бир эр жигит өз мекенин сүйүүгө, патриот болууга үндөп кетти. Ардагерлерге колледжибиздин таланттуу студенттери тарабынан майрамдык концерт тартууланды. 23-февраль Ата мекенди коргоо күнүнө карата Ардагерлер кеңеши колледждин окутуучулары М.Пазылов, К.Абдикеримов, И.Муратов жана студенттери Э.Каримбаев Грамота менен сыйланды. Ошондой эле колледждин директору Ө.Т.Станбаев “Авганистандык согушчулардын 25-жылдык юбилейине” карата медалы менен жана окутуучу М.Мамаджанов “Жаштарды патриоттукка тарбиялагандыгы үчүн” эстелик медалы менен сыйланды. , , , , , ,