“ОшМУнун ар бир группасы бийлейт” аттуу бийлердин фестивалы Өзгөн медициналык колледжинде өткөрүлдү.

2016-02-26 17:46:38 211

Бүгүн Өзгөн медициналык колледжинде, 2016-жыл Кыргыз Республикасында Тарых жана маданият жылына карата ОшМУнун иш планына киргизилген “ОшМУнун ар бир группасы бийлейт” аттуу бийлердин фестивалы болуп өттү. Фестивалга колледждин ар бир группасы түрдүү улуттардын бийлерин бийлеп, жогорку деңгээлде аткарышты. “Акушердик иши” адистигинин 4-курсунун студенттери Кыргыз бийи менен 1-орунду ээлеп 1-даражадыга диплом менен, “Дарылоо иши” адистигинин 2-курсунун студенттери Испан бийи менен 2-орунду ээлеп 2-даражадыга диплом менен, “Акушердик иши” адистигинин 1-курсунун студенттери Индия бийи менен 3-орунду ээлеп 3-даражадыга диплом менен, “Дарылоо иши” адистигинин 3-курсунун студенттери Чыгыш бийи менен 4-орунду ээлеп 4-даражадыга диплом менен дирекция тарабынан сыйланды. Калган катышуучу группалар түрдүү сыйлыктар менен сыйланды. Иш-чарага колледждин бардык студенттери катышып, башка окуу жайлардан дагы коноктор келип, студенттер бий майрамына келгендей болду. Ар бир бийдин талабына ылайык жарашыктуу кийимдерди кийишип, студенттик тайпанын өкүлдөрү кезеги менен ортого чыгып бийлешти. Иш чаранын уюштуруу максаты -Студенттин бош убактысын туура пайдаландыруу, аларга бий өнөрүнүйрөтүү жана бий маданиятын калыптандыруу; -Тайпалардагы студенттердин ынтымакташып, биримдикте бир багытта иштей алуусун камсыз кылуу; -Кураторлор менен тайпадагы студенттердин чыгармачыл байланышын күчөтүү; -Колледжде маданий массалык иштерди жогорку деңгээлде уюштурууга көнүктүрүү. , , , , , , , , , , , , ,