Колледжде балдар арасында футбол боюнча мелдеш болуп өттү

2025-12-09 10:21:38 5

15-октябрь 2025-жыл ОшМУнун Өзгөн эл аралык медициналык колледжинде балдар арасында спорттун футбол түрү боюнча мелдеш болуп өттү. Мелдешке жалпысынан 4 команда катышып жыйынтыгында 3ФТ1-24(у) агымынын командасы 1-орунду ээлесе, 2-орунду 1-курстан куралган команда жеңишке жетишти ал эми 3-орунду 2-курстун курама командасы ээледи. Оюн мамлекеттик гимн менен башталып колледжибиздин директорунун м.а: Сулайманова Гульсана Абдибаитовна өз сөзүндө спорт ден-соолуктун булагы деп бекер айтылбаса керек деп оюнчуларга ийгилик каалап мыкты команда жеңишке жетишин каалап өттү. Оюн азыркы жаңы эреже менен өтүп мыкты оюнчалар аныкталды. Спорттук иш чара КРнын президентинин N1- "Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө" жарлыгын ишке ашыруу максатында өткөрүлдү.