Тарых дисциплинасынан интелектуалдык оюн болуп өттү

2025-12-09 10:29:51 91

Ош мамлекеттик университетинин Өзгөн эл аралык медициналык колледжинде 7–8-ноябрь күндөрү Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө, ошондой эле улуу ойчул Жусуп Баласагындын 1010 жылдыгына, мамлекеттик ишмер Алымбек датканын 225 жылдыгына жана агартуучу, тарыхчы Осмонаалы Сыдык уулунун 150 жылдыгына карата интеллектуалдык оюн өткөрүлдү. Аталган иш-чара колледждин ЖГСЭД ПЦКсынын тарых сабагынын окутуучусу Мамашарип кызы Бакдөөлөт тарабынан уюштурулуп, студенттердин тарыхый билимдерин тереңдетүү, улуттук баалуулуктарды даңазалоо, ата-бабалардын тарыхый мурастарын урматтоого тарбиялоо жана мекенчилдик сезимин калыптандыруу максатын көздөдү. Интеллектуалдык оюнга ЖГСЭД ПЦКсынын окутуучулары жана колледждин 1-курс студенттери активдүү катышышты. Катышуучулар Кыргызстандын тарыхы, көрүнүктүү тарыхый инсандардын өмүр жолу жана ишмердүүлүгү боюнча суроолорго жооп берип, өздөрүнүн билим деңгээлин, логикалык ой жүгүртүүсүн жана тапкычтыгын көрсөтүштү. Оюн жогорку деңгээлде уюштурулуп, кызыктуу жана атаандаштык маанайда өттү. Иш-чаранын жыйынтыгында өзгөчө активдүүлүк көрсөтүп, жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен студенттер колледждин дипломдору жана башка баалуу сыйлыктары менен сыйланышты. Мындай тарбиялык жана таанып-билүүчүлүк иш-чаралар студенттердин тарыхка болгон кызыгуусун арттырып, улуттук аң-сезимин калыптандырууга жана тарыхый мурастарды урматтоого чоң салым кошот.