12-декабрь — Улуттук адабият күнүнө карата ОшМУнун Өзгөн эл аралык медициналык колледжинде маданий иш-чара өткөрүлдү.

2025-12-17 18:26:40 11

12-декабрь — Улуттук адабият күнүнө карата ОшМУнун Өзгөн эл аралык медициналык колледжинде мазмундуу маданий иш-чара өткөрүлдү. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни менен салтанаттуу түрдө ачылып, андан соң колледждин директорунун милдетин аткаруучу Г.А. Сулайманова куттуктоо сөз сүйлөп, улуттук адабияттын руханий баалуулугу жана жаш муундарды тарбиялоодогу орду тууралуу кеңири белгилеп өттү. Иш-чаранын программасына ылайык, “Манас” эпосунан үзүндүлөр айтылып, кыргыз элинин улуу акын-жазуучуларынын адабий чыгармаларынан көркөм окуулар аткарылды. Ошондой эле улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде даярдалган видео тасмалардын сынагы көрсөтүлүп, катышуучулардын чыгармачылык изденүүсү жана көркөм ой жүгүртүүсү жогору бааланды. Иш-чаранын соңунда активдүү катышкан студенттер жана командалар колледждин директору тарабынан баалуу белектер, дипломдор жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Бул маданий иш-чара студенттердин улуттук адабиятка болгон кызыгуусун арттырып, руханий дүйнөсүн байытууга жана патриоттук сезимин чыңдоого өбөлгө түздү. Эске салсак ОшМУнун Өзгөн эл аралык медициналык колледжинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы №369 “Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик уңгужолу” Жарлыгынын алкагында, 12-декабрь – Улуттук адабият күнүнө карата “бир топ иштер мерчемделип тарбия иштери боюнча директордун орун басары Э.С.Каримбаев иш-план түзүп, иш-пландын негизинде жооптуу окутуучулар Кыргыз тили дисциплансынын окутуучусу Муратова Бегайым жана Англис тили дисциплинасынын окутуучусу Мырзабекова Самара жооптуу болуп иш-чарларды өткөрүштү.