Мамлекеттик желек күнү белгиленди

2016-03-03 17:29:34 293

Бүгүн, Өзгөн медициналык колледжинде 3-март Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желеги кабыл алынган күнүнө карата “Кыргызстанымдын желеги-жүрөгүмдө желбирейт!” мекенчилдик иш чарасы иш күнүнүн башталышы менен эртең менен саат 8-30дөн тартып колледждин башкы имаратынын алдында профессордук-окутуучулук курамдын, студенттердин катышуусунда өттү. Колледждин директору Ө.Т.Станбаев салтанаттуу жыйынды ачып берди. Кыргыз Республикасынын желеги жөнүндө кыскача, жаштар комитетинин төрагасы баяндама жасады. Иш чарада 4 жигит Кыргыз Республикасынын желегин көтөрүп турушту. Алгач КРдин Гимни жаңырып, андан соң кыргыз элинин мекенчилдик ырлары үзгүлтүксүз ырдалып турду. Бул күнү сабакка, жумушка келген ар бир окутуучу, студент КРнын желегине таазим этип имаратка киришти. Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын желеги 1992-жылы 3-мартта республиканын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилген. Авторлору: Э. Айдарбеков, Б. Жайчыбеков, С. Иптаров, Ж. Матаев, М. Сыдыков. Кыргыз Республикасынын желеги кызыл түстө. анын ортосуна алтын түстөгү бирдей өлчөмдө кырк нур болуп чачыраган күнгө окшош тегерек жайгаштырылган. Күндөй тегеректин ичинде Кыргыз боз үйүнүн түндүгү кызыл түстө берилген. Желектин туурасы анын узундугунун бештен үч бөлүгүн түзөт. Жаркараган тегеректин диаметри желектин туурасынын бештен үч бөлүгүн түзөт. Күн жана нур чачыраган дискалардын диаметрлеринин салыштыпмалуулугу бештен үч бөлүгүнө барабар. Түндүктүн диаметри жаркырыган төгөрөктүн диаметрин жарымын түзөт. Желектин бир түстүү кызылдыгы эрдикти жана тайманбастыктын символу, жаркыраган алтын күн бейкуттукту жана байлыкты чагылдырат, ал эми түндүк - үй кутунун символу, аалам катары дүйнөнү алда канча кеңири түшүнүдө бир айлампага бириктирилген кырк нур байыркы кырк уруунун бирдиктүү Кыргызстанга бириккендигин айгинелейт.Түндүк өлкөдө жашап жаткан элдердин биримдигинин символу, желектин кырмызы түсү айкөл Манастын туусунун түсү болгон.