30629 аскер бөлүгүнүн өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүлдү

2026-02-21 09:29:04 67

2026-жылдын 20-февраль күнү Ош мамлекеттик университетинин Өзгөн эл аралык медициналык колледжинде 23-февраль — Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата 30629 аскер бөлүгүнүн өкүлдөрү менен жолугушуу жана аскердик көргөзмө уюштурулду. Иш-чара колледждин директору Сулайманова Гульсана Абдибаитовнанын ачылыш сөзү менен башталып, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни жаңырды. Директор келген конокторду майрамы менен куттуктап, өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылууда кызмат өтөп жаткан аскер кызматкерлерине терең ыраазычылык билдирди. Ал жаш муундарды патриоттук тарбиялоодо мындай жолугушуулардын мааниси зор экенин белгиледи. Жолугушуунун алкагында 30629 аскер бөлүгүнүн өкүлдөрү аскердик бөлүктүн ишмердүүлүгү, материалдык-техникалык базасы жана кызмат өтөө шарттары тууралуу кеңири маалымат беришти. Студенттерге АК-74 Калашников автоматы, Макаров тапанчасы, байланыш каражаттары жана аскердик медициналык жабдуулар көрсөтүлдү. Мындан тышкары, жоокерлерден тартып офицерлерге чейинки аскердик формалар тааныштырылып, алардын өзгөчөлүктөрү түшүндүрүлдү. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер курал-жарактарды колдонуу тартиби, коопсуздук эрежелери жана аскер кызматындагы жоопкерчилик тууралуу маалымат алышты. Бул жолугушуу жаштардын мекенчилдик сезимин бекемдеп, аскер кызматын урматтоого багытталган маанилүү тарбиялык иш-чара болду. Иш-чарага колледждин эмгек жамааты жана студенттер активдүү катышты. Жыйынтыгында колледж администрациясы тарабынан 30629 аскер бөлүгүнүн өкүлдөрүнө ыраазычылык каттар тапшырылды.