21-февраль — Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүнө карата студенттер арасында интеллектуалдык оюн өткөрүлдү

2026-02-23 09:26:34 12

2026-жылдын 21-февралында Ош мамлекеттик университетинин Өзгөн эл аралык медициналык колледжинде 21-февраль — Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүнө карата студенттер арасында интеллектуалдык оюн уюштурулуп өткөрүлдү. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни менен расмий ачылды. Интеллектуалдык оюн заман талабына ылайык Kahoot санариптик платформасы аркылуу өткөрүлүп, катышуучулар кыргыз, орус жана англис тилдери боюнча билим деңгээлдерин көрсөтүштү. Колледждин директору Сулайманова Гульсана Абдибаитовна куттуктоо сөз сүйлөп, эне тилдин улуттук баалуулук катары ордун баса белгиледи. Ошондой эле директордун тарбия иштери боюнча орун басары Элназар Сагыналиевич Каримбаев иш-чаранын маанисине токтолуп, студенттерге ийгилик каалады. Иш-чара ЖГСЭД ПЦК төрайымы Жумалиева Роза Ормоновнанын жетекчилиги алдында кыргыз, орус жана англис тилдери дисциплиналарынын окутуучулары тарабынан жогорку уюшкандыкта өткөрүлдү. Өткөрүлгөн интеллектуалдык оюн студенттердин тил маданиятын өркүндөтүүгө, көп тилдүүлүктү өнүктүрүүгө жана билим сапатын жогорулатууга багытталган маанилүү иш-чара болду.