ОшМУнун "Кош жылдыз» сынагында Өзгөн Эл аралык медициналык колледжи жеңүүчү болду

2026-02-27 10:39:18 52

Ош мамлекеттик университетинде 26-февралда «Кош жылдыз» чыгармачылык сынагы жыйынтыкталып,1-орунду Өзгөн Эл аралык медициналык колледжинин студенттери багындырып, 10 миң сом акчалай сыйлык жана баалуу белектер менен сыйланышты. Ошондой эле жеңүүчүлөрдү даярдаган колледждин тарбия иштери боюнча директордун орун басары Э.С.Каримбаевге Ош мэриясынын Маданият башкармалыгы тарабынан Ташкент шаарына жолдомо ыйгарылды. Колледждин катышкан Базарбаева Адина жана Ормошов Эрболот татыктуу жеңишти камсыздашты. Сынактын жүрүшүндө катышуучулар алгач өздөрүн тааныштырып, андан соң вокалдык жана сахналык өнөрлөрүн көрсөтүштү. Акыркы бөлүктө мырзалар куралды ылдам жыйноо боюнча чеберчилигин сынашса, кыздар сайма сайуу жана кол өнөрчүлүк боюнча өнөрүн тартуулашты. Бул жолку таймашка институт, факультет, колледждерден жалпысынан 30 студенттен турган 15 жуп катышып, үч бөлүктөн турган программа боюнча күч сынашты «Кош жылдыз» сынагы студенттердин талантын ачып, чыгармачылыкка болгон кызыгуусун арттыруу максатында окуу жайдын студенттик кеңеши тарабынан өткөрүлдү.