Мамлекеттик туу күнү жана Ак калпак күнү белгиленди

2026-03-06 08:26:34 92

3-март – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туу күнү жана 5-март – Ак калпак күнүнө карата Өзгөн шаарынын борбордук аянтында салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Иш-чаранын алкагында аскер кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусун салтанаттуу түрдө алып өтүшүп, мамлекеттик гимн жаңырып, туу флагштокко илинди. Салтанаттуу иш-чарага Ош мамлекеттик университетинин Өзгөн эл аралык медициналык колледжинин студенттери да активдүү катышып, ак калпак кийип “Манас!” ураанын чакырып, жөө жүрүш жасап шаардын борбордук аянтына келишти. Бул иш-чара жаштарды мекенчилдикке тарбиялоого жана улуттук баалуулуктарды урматтоого багытталган.