Саламаттык сактоо министрлигинин ведомстволор аралык текшерүүсү

2026-03-06 08:28:07 48

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин буйругунун негизинде ведомстволор аралык комиссия тарабынан Өзгөн эл аралык медициналык колледжинде комплекстүү текшерүү иштери жүргүзүлдү. Текшерүүнүн негизги максаты — учурдагы шартта медициналык колледждердин ишмердүүлүгүнүн абалына мониторинг жүргүзүү, билим берүү процессинин сапатын баалоо, материалдык-техникалык базасын талдоо, ошондой эле орто медициналык кадрларды даярдоонун натыйжалуулугун аныктоо болуп саналат.