// } ?>
2026-03-12 06:51:29 37
11-март күнү Бүткүл дүйнөлүк 24-март – кургак учук оорусуна каршы күрөшүү күнүнө карата ОшМУнун Өзгөн эл аралык медициналык колледжинин студенттери үчүн маалыматтык семинар өткөрүлдү. Семинарда Өзгөн район аралык ОАА жана МСЭК борборунун оорулардын алдын алуу бөлүмүнүн башчысы Кожоев Т. жана Өзгөн ЖДПБнын Ден соолукту чыңдоо кабинетинин кызматкерлери кургак учук оорусунун белгилери, жугуу жолдору, алдын алуу жана коргонуу чаралары тууралуу кеңири маалымат беришти. Семинардын жүрүшүндө студенттер тарабынан кызыктуу суроолор берилип, адистер тарабынан толук жана түшүндүрмө жооптор берилди. Ошондой эле иш-чаранын алкагында кургак учук оорусу тууралуу маалымат камтылган атайын маалыматтык баракчалар студенттерге таркатылды. Иш-чара Өзгөн ЖДП борборунун Ден соолукту чыңдоо кабинети тарабынан уюштурулуп, жаштардын саламаттык тууралуу билим деңгээлин жогорулатууга, сергек жашоо образын жайылтууга жана кургак учук оорусунун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүүгө багытталды. Мындай маалыматтык иш-чаралар студенттердин саламаттыкты сактоо боюнча маалымдуулугун жогорулатып, оорулардын алдын алууга чоң салым кошот. Ден соолук — ар бир адамдын эң баалуу байлыгы!