Өзгөн эл аралык медициналык колледжинде Милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча маалыматтык жолугушуу өттү

2026-03-12 07:05:21 76

Өзгөн эл аралык медициналык колледжинде студенттер үчүн Милдеттүү медициналык камсыздандыруу (ММК) системасы боюнча маалыматтык иш-чара уюштурулду. Жолугушууга Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ФОМС) тарабынан өкүл Абдыкалыков Мунарбек Абдыкалыкович катышып, студенттерге кеңири маалымат берди. Иш-чаранын жүрүшүндө Мунарбек Абдыкалыкович Милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасынын негизги максаттары, жарандарга көрсөтүлүүчү медициналык кызматтар, камсыздандырылган жарандардын укуктары жана милдеттери тууралуу түшүндүрмө берди. Ошондой эле студенттер медициналык кызматтарды алуу тартиби, камсыздандыруу полисинин мааниси жана саламаттык сактоо системасындагы орду боюнча маалымат алышты. Жолугушуу интерактивдүү форматта өтүп, студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорун берип, тиешелүү жоопторду алышты. Мындай маалыматтык иш-чаралар болочок медициналык адистердин саламаттык сактоо системасы тууралуу билимдерин кеңейтүүгө жана алардын кесиптик даярдыгын жогорулатууга өбөлгө түзөт. Иш-чаранын соңунда колледж жетекчилиги тарабынан конокко ыраазычылык билдирилип, студенттер үчүн пайдалуу маалымат берилгени белгиленди.