// } ?>
2026-03-19 05:24:26 8
ОшМУнун Өзгөн эл аралык медициналык колледжинде 21-март — Нооруз майрамына карата студенттер арасында волейбол боюнча спорттук мелдеш өткөрүлдү. Иш-чара студенттик кеңеш тарабынан уюштурулуп, студенттердин спортко болгон кызыгуусун арттыруу, сергек жашоо образын жайылтуу жана достук мамилени чыңдоо максатын көздөдү. Мелдешке колледждин ар түрдүү академиялык агымдарынын студенттеринен түзүлгөн командалар катышып, өздөрүнүн спорттук чеберчилигин, ынтымагын жана активдүүлүгүн көрсөтүштү. Оюндар кызыктуу жана атаандаштык маанайда өтүп, катышуучулар мыкты даярдыгын көрсөтө алышты. Жыйынтыгында мыкты оюн көрсөткөн командалар аныкталып, аларга сыйлыктар тапшырылды. Жеңүүчүлөргө сыйлыктарды колледждин директору м.а. Гульсана Абдибаитовна тапшырып, студенттерди Нооруз майрамы менен куттуктап, мындан ары да билимде жана спортто ийгиликтерди каалады. Мындай иш-чаралар студенттердин бош убактысын пайдалуу өткөрүүгө, ден соолукту чыңдоого жана ынтымакты бекемдөөгө чоң өбөлгө түзөт.