// } ?>
2026-03-25 08:49:46 35
ОшМУнун Өзгөн эл аралык медициналык колледжинин 1ФТ3-25(у) агымынын академиялык кеңешчиси Каримбаев Элназар тарабынан агымдын студенттеринин ата-энелери үчүн жыйын өткөрүлдү. Жыйындын жүрүшүндө төмөнкү негизги маселелер каралды: – студенттердин окуудагы жетишүүсү; – жүрүм-туруму жана тартиби; – ар түрдүү уюштуруучулук жана тарбиялык маселелер. Биринчи маселе боюнча аталган агымга сабак берген окутуучулар — Бакирова У., Жумалиева Р., Муратова Б., Касымова Ж. — ата-энелерге ар бир студенттин окуудагы жетишкендиктери тууралуу кеңири маалымат беришти. Ошондой эле академиялык кеңешчи тарабынан студенттердин сабакка катышуусу, тартиби, жетишкендиктери жана окуу жайдагы билим берүү процесси тууралуу маалыматтар жеткирилди. Мындан тышкары, колледждин ИДН жана милициянын участкалык кызматкерлери тарабынан жаштар арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу, уурулук, зомбулук, психотроптук заттарды колдонуу сыяктуу терс көрүнүштөр боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Жыйындын соңунда ата-энелер тарабынан берилген суроолорго тиешелүү жооптор берилип, айрым студенттердин ата-энелери менен окутуучулар жекече сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Мындай жыйындар студенттердин билим сапатын жогорулатууга, тартипти бекемдөөгө жана ата-эне менен окуу жайдын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого өбөлгө түзөт.