Этностор аралык достук маданий фестиваль өткөрүлдү

2026-03-25 08:58:27 100

2026-жылдын 24-март күнү Ош мамлекеттик университетине караштуу Өзгөн эл аралык медициналык колледжинде этностор аралык мамилелерди чыңдоо жана тынчтыкты бекемдөө максатында достук маданий фестиваль өткөрүлдү. Иш-чаранын негизги максаты — көп улуттуу коомдо өз ара урмат-сыйды, түшүнүшүүнү жана ынтымакты даңазалоо болуп саналат. Фестиваль алкагында Өзгөн районунда жашаган кыргыз, орус, өзбек жана түрк этносторунун бай маданияты, каада-салты сахналык көрүнүштөр аркылуу кеңири чагылдырылды. Мындан сырткары, иш-чара улуттук тамак-аштардын көргөзмөсү жана кол өнөрчүлүк буюмдарынын көргөзмөсү менен коштолуп, катышуучуларга ар бир улуттун өзгөчөлүгүн жакындан таанып-билүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Фестивалга колледждин окутуучулары, студенттери жана чакырылган коноктор активдүү катышып, маданий алака-катышты чыңдоого өз салымдарын кошушту. Иш-чара жогорку деңгээлде уюштурулуп, катышуучуларга жакшы маанай тартуулады. Мындай иш-чаралар жаштардын арасында достукту, толеранттуулукту жана коомдук биримдикти бекемдөөгө өбөлгө түзөт.