// } ?>
2026-04-04 08:48:39 7
Өзгөн эл аралык медициналык колледжинин базасында студенттердин билим деңгээлин жогорулатуу жана окуу жайлар аралык байланышты чыңдоо максатында математика дисциплинасы боюнча өзгөчө иш-чара болуп өттү. Бул акыл таймашы Ош технологиялык университетинин Б.Мурзаибримов атындагы эл аралык колледжи менен биргеликте уюштурулду. Олимпиаданын негизги максаты — так илимдерге кызыккан таланттуу жаштарды аныктоо, алардын логикалык ой жүгүртүүсүн өстүрүү жана медицина менен техникалык багытта билим алган студенттердин ортосунда тажрыйба алмашуу аянтчасын түзүү. "Математика — бардык илимдердин падышасы жана ачкычы. Медицинада да, техникада да тактык биринчи орунда турат. Бул олимпиада студенттердин достугун гана эмес, илимге болгон умтулуусун да бекемдеди," — деп белгилешти уюштуруучулар. Калыстар тобунун курамында эки колледждин тажрыйбалуу окутуучулары иш алып барып, ачык-айкындуулукту камсыз кылышты. Иш-чаранын соңунда эки окуу жай мындай форматтагы кызматташтыкты салтка айлантууну макулдашышты. Алдыда башка дисциплиналар боюнча да биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу пландалууда.