"Мыкты окутуучу 2016", "Мыкты лектор 2016" сынагына Өзгөн медициналык колледжинин окутуучулары катышты

2016-03-22 18:03:28 229

Бүгүн Өзгөн медициналык колледжинин "Жалпы гуманитардык жана социалдык- экономикалык дисциплиналар" кафедрасынын окутуучусу Жумалиева Роза Ормоновна "Мыкты окутуучу 2016" сынагына карата кесиптик англис тили предметинен "Зат атооч" деген темада, "Акушердик иши" адистигинин 1-курсунун студенттерине жана "Клиникалык дисциплиналар" кафедрасынын окутуучусу Сулайманова Гулсана Абдибаитовна "Мыкты лектор 2016" сынагына карата акушердик предметинен "Узкий таз" деген темада, "Акушердик иши" адистигинин 2-курсунун студенттерине ачык сабак өтүп берди. Ачык сабакка ОшМУнун окуу усулдук кеңештин координатору М.Папиев, Физика техника факултетинин окуу методикалык кеңешинин төрагасы, энергетика кафедрасынын башчысы т.и.к.доц. З.Ш.Айдарбеков, Математика жана информациялык технологиялар факултетинин окуу методикалык кеңешинин төрайымы ф.-м.и.к. доц. Г.М.Борбоева, юридика факултетинин окуу методикалык кеңешинин төрайымы, улук окутуучу К.К.Темирова жана Өзгөн медициналык колледжинин окуу методикалык кеңешинин төрайымы, кафедра башчылары катышты. , ,