Колледжде экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча түшүндүрүү иштери өткөрүлдү

2026-04-27 17:38:39 76

2026-жылдын 20-апрелинде Ош мамлекеттик университетинин Өзгөн эл аралык медициналык колледжинде студенттер арасында экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү, ошондой эле укук бузуулардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иш-чарасы өткөрүлдү. Иш-чарага колледждин тарбия иштери боюнча директордун орун басары Э.С. Каримбаев, кураторлор, Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн милиция кызматкери, милициянын улук лейтенанты Турсунов М. И. жана Юстиция министрлигинин Юридикалык жардам кызматынын Ош облусу боюнча секторунун башчысы, Ош шаары боюнча координатору Бакиров Урматбек Жумалиевич катышышты. Жолугушуунун жүрүшүндө милициянын улук лейтенанты Турсунов М. И. студенттерге экстремизм жана терроризмдин алдын алуу, алардын коомго тийгизген терс таасири, мыйзам талаптарын сактоо жана жаштарды ар кандай терс агымдардын таасиринен сактануу боюнча кеңири маалымат берди. Ошондой эле студенттерге укук бузуулардын алдын алуу, жарандык жоопкерчилик жана мыйзамдуулукту сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, кызыктырган суроолоруна жооптор берилди. Иш-чаранын негизги максаты – студенттердин укуктук аң-сезимин жогорулатуу, экстремизм менен терроризмдин алдын алуу жана жаштарды мыйзамды урматтоого тарбиялоо болуп саналат. Иш-чара колледждин тарбия иштери боюнча директордун орун басары жана кураторлордун уюштуруусунда жогорку деңгээлде өткөрүлдү.